Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай кенинде алтын өндүрүүчү фабриканын пайдубалы түптөлдү. Иш-чарага премьер-министр Кубатбек Боронов катышып, аймактарды өнүктүрүү менен жергиликтүү тургундарга жумуш орундарын камсыздоо өкмөттүн башкы планы экенин айтып өттү. Фабрика менен кошо калдыктарды көмүүчү жайды салуу жумуштары да колго алынат. Мындай өңүттөгү ири долбоор чет элдик инвесторлордун көмөгү менен ишке ашууда.
Сырттан келген инвесторлор үчүн салыктык жеңилдетүүлөр менен укуктук талаптардын так сакталышы алардын туруктуу иштешине шарт түзөт. Мындай мүмкүнчүлүктөр өлкөдөгү ишкердик чөйрөсүнө кеңири тараганы менен ишке келгенде ар бир ишканада өздөрүнө жараша талаптар коюлган.
Жергиликтүү тургундар бул күндү көпкө күтүштү. Ишканада жумуш орундары түзүлүп, 700гө жакын кызматкердин 90% жергиликтүү тургундар болду. Келечекте алтын кенде миңге жакын адам эмгектенет. Компания 2016-жылдан бери 100 млн доллар инвестиция сарптаган. Анын алкагында социалдык колдоо катары Терек-Сай айылыны 50 млн сом бөлүнгөн.