Өлкөнүн аймагына мамлекеттик чек арадан учак же транспорт менен каттоого жаңы алгоритм бекитилди. Анда бет кап режимин жана аралыкты сактоо талабы бар. Ага ылайык, көзөмөл-өткөрүү жайларында жүргүнчүлөр текшерилип, жаңы бекитилген алгоритмдин шарттарына ылайык өткөрүлүүдө.
Азыркы тапта биз «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү жайында турабыз. Мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн алгач жүргүнчүлөрдүн дене табы текшерилип жатат. Санитардык аралык жана бет кап режими сакталууда. «Ак-Тилек» өткөрүү жайынан жүргүнчүлөрдүн дене табын текшерип, кезек менен күнү-түнү нөөмөттө. Дарыгер айымдар ишти жаңы бекитилген алгоритме ылайык алып барууда. Ал үчүн дарыгерлер бир апталык окуудан өтүп, бул жайга Ысык-Ата аймактык ооруканасынан жөнөтүлгөн.
Жарандардын көбү санитардык талаптарды билгени менен, баары эле эрежени сактай беришпейт. Тагыраагы, эң жөнөкөй жана маанилүү болгон бет кап тагынуу талабын көңүл сыртында калтыргандар жок эмес. Кыргыз-казак чек арсындагы «Ак-Тилек унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү жайынан күнү-түнү 250гө жакын жаран жана унаалар өткөрүлөт. Учурда чек арадан өткөндөр бекитилген алгоритмдин негизинде дыкат текшерилүүдө.
Ал эми чет өлкөлүк жарандарга жетимиш эки сааттын ичинде чыккан ПЧР-анализдин жыйынтыгы менен гана Кыргызстандын аймагына кирүүгө уруксат берилди. Иштелип чыккан алгоритмдин эрежелери мамлекеттик чек арадан аба аркылуу өткөндөр үчүн 10 күндөн, ал эми автотранспорт менен келгендер үчүн 26-сентябрдан тарта күчүнө кирди.