Жаңылыктар
Коронавирус жуктургандардын саны көбөйгөндүктөн, санитардык талаптар күчөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавирус жуктургандардын саны көбөйгөндүктөн, санитардык талаптар күчөтүлдү

Өлкөдө коронавирусту жуктургандардын саны кайрадан көбөйө баштады. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлиги санитардык талаптарды күчөтүү чечимин кабыл алды. Акыркы бир күндө вирусту 104 адам жуктуруп алган. 166 бейтап кооптуу илдетти жеңди, тилекке каршы бир адам каза болду. Учурда 700 бейтап өлкөнүн ар кайсы аймагындагы оорункаларда дарыланып жатса, алардын жүздөн ашыгынын абалы оор. Дарыгерлердин айтымында оорунун тарап жатканына жарандардын эрежени сактабай жатканы себеп болууда.

Акыркы кезде коомдук жайларда, шайлоого карата үгүт иштеринде санитардык талаптар одоно бузулууда. Мындан улам борбордук шайлоо комиссиясы бардык партияларга эскертүү берип, атайын кайрылуу жасады. Эрежеге баш ийбегендер үчүн катуу жоопкерчилик каралган.

Үгүт маалында санитардык талаптарды сактабай жер-жерлерде эл чогултуп, алар менен кол беришип учурашып жүргөн талапкерлерге Саламаттык сактоо министрлиги эскертүү берди. Бирок ага карабай ден-соолугунан саясий кызыкчылыгын өйдө койгондор материалдык айып төлөөгө милдеттендирилди.