Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясына болгон жумуш сапарынын Орусиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Анда эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу, ошондой эле ЕАЭБдин алкагында интеграцияны тереңдетүүнүн келечеги талкууланды. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даяр экендиктерин белгилешти.
Президенттердин жолугуусу буга чейин эле белгиленген, бирок пандемияга байланыштуу кийинкиге жылдырылган болчу. Бүгүн минтип убакыт сааты туура келип өлкө башчылар стратегиялык өнөктөштүк, кызматташтыктын ар кыл багыттарын талкууга алышты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Владимир Путин Россия ар бир көз карандысыз өлкөнүн эгемендүүлүгүн урматтай турганын жана Кыргызстан менен союздаш, стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди улантаарын баса белгиледи. Россия тарап Кыргызстанда туруктуулуктун болушуна, ошону менен катар шайлоодон кийинки мезгилде да туруктуулукка кызыкдар экендигин билдирди.
Россия Федерациясы Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү, ошондой эле жалпы соода түзүмүндө экинчи орунда турган негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Ортодогу товар жүгүртүүнүн көлөмү бир жарым млрд доллардын тегерегинде. Орусия лидери соода алаканы дагы да кеңейтүү керек экенин белгиледи. Айрыкча айыл чарба өнүмдөрүнүн Россияга болгон импорту көбөйүп жатканына токтолду.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан ар дайым Россиянын чыныгы стратегиялык өнөктөш катары күчтүү колдоосун, айрыкча, азыркыдай кыйын кырдаалда достук мамилесин сезээрин белгиледи. Ал дос өлкөнү коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын дүйнөдө биринчилерден болуп каттаганы менен дагы бир жолу куттуктап, анын жакын арада Кыргызстандын жарандары үчүн да жеткиликтүү болооруна ишенимин билдирди.
Сооронбай Жээнбеков энергетикалык жана инфратүзүмдүк долбоорлор боюнча өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга, соода-экономикалык кызматташтыкты өстүрүүгө, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы кызматташууну арттырууга кызыкдар экендигин белгиледи.
Эки мамлекет быйыл өз ара эриш аркак кызматташтык жылын да жарыялаган. Анын алкагында бир катар экономикалык жана инвестициялык, маданий иш чаралар белгиленген. Президент Путин Кыргызстан менен болгон кызматташтыкты, дипломатиялык алаканы, экономикалык өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө бардык шарт бар экенин белгиледи. Сооронбай Жээнбековдун Венгрия өлкөсүнө болгон алдыдагы сапарына ийгилик каалады.