Жаңылыктар
Бишкектин айрым жерлеринде 29-сентябрда таза суу болбойт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин айрым жерлеринде 29-сентябрда таза суу болбойт

"Энесай" суу кампасындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу эртең, 29-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде таза суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, суу "Энесай", "Дордой-1" жана "Дордой-2" конуштарында өчүрүлдөт. Анын ичинде: №9 үй-бүлөлүк медицина борбору, Орхан көчөсүндөгү бала бакча, №21 муниципалдык аймактык башкармалыгы, №20 китепкана, №7 милициянын бөлүмү, №21 жана №94 мектеп, Свердлов районунун коомдук-профилактикалык борборунда таза суу берүү убактылуу токтойт.