Жаңылыктар
Донор күнү. Мэрия кан тапшыргандарга ыраазычылык билдирди
Кыргызстан жаңылыктары
Донор күнү. Мэрия кан тапшыргандарга ыраазычылык билдирди

Бишкекте Донор күнүндө 84 адам 38 литр кан тапшырды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. 

Дем алыш күндөрү "Адинай" сейил багында борбор калаанын саламаттык сактоо башкармалыгы, ден соолукту чыңдоо борбору жана Улуттук Кызыл жарым ай коому тарабынан донор күнү белгиленип, анын алкагында жарандар кан тапшырышты. 

Шаар тургундарына кан басымынын келип чыгуу себептери тууралуу маалымат, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу боюнча кеңештер берилди. 169 киши кан басымын текшертип, алардын ичинен 48нин кан басымы жогору экени аныкталды. 84 киши донор болуп, 38 литр кан чогулган. Мэрия ден соолук акциясына катышып, кан тапшырып кеткен жарандарга ыраазычылык билдирет.