Учурда Кыргызстанда 568 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 8 328 кычкылтек концентратору бар. Бул тууралуу брифингде Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева билдирди.
"Мурдагыларын жана кийин алынгандардын бардыгын кошуп эсептегенде, өлкөдө 568 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 8 328 кычкылтек концентратору ишке даяр", — деди Ибраева.
Ошондой эле брифинг учурунда коронавирус жуктургандарды дарылоо үчүн азыр 1 498 керебет, анын ичинен 193ү реанимациялык орун даяр экени айтылды.