Азыркы учурда, 568 ИВЛ аппараты жана 8328 кычкылтек аппараты бар. Компьютердик томография боюнча 7 аппараты жакында өлкөгө алынып келинип, облустарга бөлүштүрүлөт.
Медициналык жардам жана дары-дармектер саясаты башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нургуль Ибраеванын билдирүүсүндө Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жана Улуттук госпиталга компьютердик томография орнотуу пландалууда.