Жаңылыктар
Соль Илецк шаарынан келген жарандар үйлөрүнө жеткирилди
Кыргызстан жаңылыктары
Соль Илецк шаарынан келген жарандар үйлөрүнө жеткирилди

26-27-сентябрь күндөрү Соль Илецк шаарынан Кыргызстандык жарандар мекенине кайтып келишти.  Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

26-сентябрь күнү 1840,  27-сентябрь күнү 1575 чет өлкөлүк мекендештер келишти. Жеринде ишти уюштурууга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги, Саламаттыкты  сактоо министрлиги, Чек ара  кызматынын жана Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери тартылган. Келген жарандардын саламаттыгы текшерилип, үйлөрүнө жеткирилди. 

26-сентябрь күнү 1840 жаран келген жаран аталган аймактарга жөнөтүлгөн:

Ош шаарына – 124;

Ош облусуна – 423;

Бишкек – 176;

Чүй – 203;

Нарын – 47;

Ысык-Көл – 45;

Талас – 73;

Жалал-Абад – 472;

Баткен – 207

27-сентябрь күнү келген 1575 жаран аталган аймактарга жөнөтүлгөн:

Ош шаарына – 55;

Ош облусуна – 343;

Бишкек – 106;

Чүй – 162;

Нарын – 11;

Ысык-Көл – 40;

Талас – 78;

Жалал-Абад – 487;

Баткен – 63

Келген мекендештер Бишкек шаардык мэриясы тарабынан бөлүнгөн автобустар менен өлкөнүн аймактарына жеткирилген.