Жаңылыктар
Алдыдагы шайлоого карата мыйзам бузуу боюнча 19 арыз жана кайрылуу жасалды
Кыргызстан жаңылыктары
Алдыдагы шайлоого карата мыйзам бузуу боюнча 19 арыз жана кайрылуу жасалды

Алдыдагы шайлоого карата мыйзам бузуу боюнча аймактык шайлоо комиссияларына 19 арыз жана кайрылуу жасалды. Бул тууралуу маалымат жыйында юрист Тариэль Аалиев билдирди. 

Анын айтымында, "Общее дело" коомдук фонду алдыдагы шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүп жатат. "Бишкектеги кызматкерлерден сырткары аймактарга 116 узак мөөнөттүү байкоочуну жөнөттүк. Жакында 300 байкоочуну да жиберебиз", - дели ал. Аалиев №2 форма боюнча массалык түрдө дарек алмаштыруу фактыларына байланыштуу бардык облустун прокуратураларына арыз менен кайрылганын айтат. 

"Азырынча жооп бере элек. "Общее дело" коомдук фондуна 63 эреже бузуу боюнча кайрылуу келип түштү. Алар добуш сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу, №2 форма жана үгүт иштеринде кетирген катачылыктар боюнча кайрылуулар", - деди юрист.