Россиядагы темир өтмөктүн кулаганына байланыштуу иликтөө башталды. Бул тууралуу маалымат Орусиянын иликтөө комитетинин расмий сайтына жарыяланды.
Ошондой эле эмгек талаптарынын бузулушу, кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч келтирүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери бардык жаракат алган жарандардын ден-соолугуна келтирилген зыяндарды териштирет. Аны менен бирге темир көпүрөнүн сапаты жана талапка жооп бере тургандай курулгандыгы да иликтөөгө алынат.
Иликтөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин кырсык болгон жерге атайын криминалисттердин тобун жөнөтүлгөнүн билдирди. Мамлекеттик миграция комитетинин өкүлдөрү компаниянын жетекчилиги менен сүйлөшүп жабыркагандардын баарына медициналык жардамдар көрсөтүлөөрүн билдирди. Ошол жерде иштеген кыргыз мекендештердин бир айлык маянасы толук төлөнө турган болду.