Ноокат районунун Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымындагы жол кырсыгынын кесепетинен сууга чөгүп кеткен жаш баланын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, Ош облусунун Ноокат районунда 14-сентябрь күнү Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында жол кырсыктын кесепетинен “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кетип, унаадагы 2016-жылы туулган жаш бала сууга чөгүп кеткен.
Издөө иштеринин натыйжасында баланын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылды.