Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылында “Субару-Форестер” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, унаа кырсыгы катталды.
Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жеткенге чейин тез жардам кызматкерлери жабыркаган адамдарды ооруканага алып кетишкен.