Жаңылыктар
Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-сентябрь күнү саат 02:32де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Ачык-Суу, Жайылма, Кашка-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.