Кыргызстан менен Кореянын Тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Кан Гён Хва телефон аркылуу сүйлөштү.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жолдорун талкуулашты. Ошондой эле эл аралык күн тартибинин, анын ичинде «Борбор Азия + Корея Республикасы» диалог аянтчасынын алкагында ДСУ, БУУ уюмдары жана башка маселелер боюнча сөз болду. Тышкы саясий ведомстволордун башчылары эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен эки өлкө жарандарынын өз ара карым-катышын жаңылоо боюнча пикир алмашты.