Жаңылыктар
Ош шаарында ишембилик уюштурулду
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында ишембилик уюштурулду

Ош шаарында жалпы ишембилик уюштурулуп, айлана-чөйрөгө кам көрүү иштери жүрдү. Тазалоо иш-чараларына Ош шаарынын мэриясынын аппараты, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары тартылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ишембиликте ар бир ишкана кызматкерлери өз айлана-чөйрөсүн иретке келтирип, чөп-чарларды, бак-дарактардан түшкөн жалбырактарды тазалашты. Жалпы шаар боюнча 2000 куб таштанды "Ош-Тазалык" ишканасы тарабынан ташылып чыгарылды. Мындан тышкары, Ош шаарында жайгашкан баардык эс алуучу жайлар тазаланды.