Жаңылыктар
Өкмөт башчы Россиядагы кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү тапшырмасын берди
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчы Россиядагы кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү тапшырмасын берди

Премьер-министр Кубатбек Боронов Москва облусунун Ступин районундагы «ФМ Сидорово» логистикалык ишканадагы жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, анын кесепетинен жаракат алган кыргыздарга жардам берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. 

Өкмөт башчы элчи Алибек Жекшенкуловго кырсыктын кесепетинен жабыр тарткан мекендештерге медициналык жардам көрсөтүү, аларды ооруканаларга жайгаштырууну тапшырды. Ошондой эле жаракат алган мекендештердин дарылануусун Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси жеке көзөмөлүнө алышы керектигин белгиледи. 

Муну менен катар кырсыктын келип чыгуу себебин иликтенген Россия Федерациясынын укук коргоо органдарынан маалыматтарды байма-бай алып туруу жана алар менен биргеликте иш жүргүзүү тапшырмасын берди.