Жаңылыктар
Президент Россияга жумушчу иш сапар менен кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Россияга жумушчу иш сапар менен кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Россия Федерациясына жумушчу иш сапар менен кетти. Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, анда эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы менен келечеги талкууланат. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт.

Кыргызстандын делгациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Россиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов. Россия Федерациясына болгон жумушчу иш сапары жыйынтыкталгандан кийин Президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Венгрияга барат.