Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовду жана түркмөн элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.
«Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө, өз ара сый-урматка жана ишенимге негизделген достук алакалар мындан ары дагы эки элдин кызыкчылыгы үчүн бекемделип жана өнүгө берет деп ишенемин», — деп белгиленет куттуктоодо.
Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухамедовго жана анын үй-бүлөсүнө ден соолук, бакыт-таалай, иштерине ийгилик, ал эми түркмөн элине тынчтык жана бакубаттуулук каалады.