Республикалык ыкчам штабдын жыйынында мамлекеттик чек арадан учак же транспорт менен өтүү үчүн иштелип чыккан алгоритм кабыл алынды. Алгоритмге ылайык, эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында бет кап тагынып, аралыкты сактоого тийиш. Ошондой эле алардын дене табы өлчөнөт жана анкета толтурулат.
Чет өлкөлөрдөн автотранспорт менен келген жарандарда эгер алдын ала алынган ПЧР тесттин жыйынтыгы жок болсо, анализ алынат. Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр андан ары маршрут боюнча жүрө алышат. Оорунун симптомдору бар жарандар обсервацияга алынат. Өлкө аймагына учак аркылуу келген Кыргызстандын жарандары дагы алгоритмде каралган бардык талаптарды сактоого тийиш.
Жыйындын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков бекитилген алгоритмди так аткаруу боюнча тармактык мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларды берди. Жыйындын жүрүшүндө айрым аймактарда коронавирус инфекциясы илдетин жуктургандардын катталуусунун саны өскөнүнө байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына региондордогу эпидемиологиялык абалга талдоо жүргүзүү милдети коюлду. Жергиликтүү бийлик менен ички иштер органдарына COVID-19 илдети тастыкталган жарандар менен байланышта болгондордун социалдык обочолонуусун катуу көзөмөлгө алуу милдеттендирилди.