Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарынын борбордук базары текшерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад шаарынын борбордук базары текшерилди

Жалал-Абад шаарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн турган топ борбордук базардагы абалды кайрадан текшерди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында эки эт сатуучу жана эки коомдук тамактануучу жайга санитардык эпидемиологиялык эрежелерди так сактабагандыгы үчүн айып пул салынды. “Буга чейин адистер аталган жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Анда сатуучулар кардарларды коргоочу каражаттары менен тейлеши керектиги айтылып, атайын эскертме кагаздары берилген”, - деп айтылат билдирүүдө. Шаар бийлиги коронавирустун экинчи толкунунун алдын алуу багытында мындай текшерүү иштерин дагы да улантат.