Кыргызстан менен Венгрия мамлекетинин ортосундагы алаканын деңгээли азыр өтө жогору болбосо да, келечекте соода экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги чоң.
Учурда Кыргызстанга Венгриядан дары-дармек импорттолот. Ал эми ВСП+ программасынын алкагында биздин айыл чарба продукцияларын бул өлкөнүн базарына жеткирүү жумушу жигердүү жүрүүдө.
Мындан сырткары Венгрия тарап бир нече жылдан бери кыргыз студенттери үчүн алдыңкы окуу жайларынан квота бөлүп келет.