28-сентябрда Президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Россия Федерациясына, андан соң расмий визит менен Венгрияга барат. Россияга болгон жумушчу визиттин алкагында өнөктөш өлкөнүн президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өтөрү күтүлүүдө.
Сапарларды уюштуруу, даярдык иштери тууралуу бүгүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков президентке онлайн кеңешмеде маалымат берди. Анда жакында боло турчу шайлоо маселеси да талкууланды.
Мамлекет башчысы чет мамлекеттердеги шайлоо участокторунда даярдыктарды күчөтүүнүн жана мекендештердин добуш берүү процессиндеги коопсуздугун максималдуу камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык санитардык шарттарды түзүү маанилүү экендигин баса белгиледи.