Өлкөдө коронавирус жуктурган жарандар көбөйдү. Акыркы суткада 142 адам айыгып чыкса, 175 адам ооруну жуктуруп алганы аныкталды.
Ооругандар Баткен облусунда жана Ош, Бишкек шаарларында көп катталууда. Азыркы тапта илдет күчөгөн аймактарга дарыгерлер жөнөтүлдү. Бүгүнкү жыйында штаб санитардык чараларды күчөтүү талабын койду.