Жаңылыктар
Ош облусунун аймагында 7 жаңы типтүү орто мектеп пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунун аймагында 7 жаңы типтүү орто мектеп пайдаланууга берилди

Быйылкы жаңы окуу жылында Ош облусунун аймагында 7 жаңы типтүү орто мектеп пайдаланууга берилди. Айрым объектилердин курулушу он жылдан бери уланып келген. Өзгөн районунда пайдаланууга берилген 2 жаңы социалдык объектини жергиликтүү эл дээрлик өткөн кылымдан бери күтүп келген.

Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Макаренко айылынын тургундары мындай заманбап типтүү билим уясын көптөн бери күткөн. 20-жылдары ашар ыкмасында курулган мектеп - 2014-жылы өзгөчө кырдалдар министрлиги тарабынан кооптуу деп табылган. Бирок, ага карабай, айылдагы 600дөй окуучу 5 жыл бою авариялык мектепте үч нөөмөт менен окуп келди.

Майрамкан Сулаймановага ал күндөр жакындан тааныш. №58 Жээнбек Маматжанов атындагы орто мектебинде 40 жылдай мугалим болуп эмгектенип, азыр эс алууда. Агартуучулук түйшүктү жеке тажрыйбасы менен билген тургун, мектептеги бир класстын жасалгасына демөөрчүлүк көрсөттү. Дал ушул эжей, агайлардан тарбияланган Асылай өзү окуп кеткен мектепке быйыл мугалим болуп кайтты. Чет тили боюнча жогорку билимге ээ. Дал ушул сабак, элеттеги балдарга жетишпей келген.

Мурда эски мектептин кароолканасында сакталып келген китептер эми, атайын тактайчаларга тизилди. Азыр, мында 1ден 7ге чейинки класстарга окуу китептери жетишпейт. Ал эми, аралыктан билим алып жаткандардын 50 пайызы гана окуу китеби менен камсыздалган.

Жаңы мектептин жеке отканасы бар. Ысык, муздак суу куурлары тартылган. 100 балага ылайыкташкан заманбап ашканасы зарыл болгон жабдуулар менен камсыздалды. Биринчи жолу спорт зал түштү. Республикалык бюжеттен салынган объектинин жалпы баасы 43 млн сомду түздү.

Мындай заманбап шарт Кара-Дыйкан айылындагылар үчүн да түзүлдү. 100 жыл мурун түптөлгөн Тагай Ташмаматов атындагы орто мектепке биринчи жолу спорт залы менен ашкана курулду. Бул үчүн республикалык бюджеттен 21 млн сом бөлүнгөн. Мектепте 1,5 миңден ашык окуучу бар.

Быйылкы жаңы окуу жылында дубандын аймагында жаңы 7 типтүү орто мектеп пайдаланууга берилди. 1-класстын босогосун аттагандардын саны Ош шаары менен облустун аймагында жалпы 34 миңди түздү.