Президент Сооронбай Жээнбеков Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен онлайн кеңешме өткөрдү. Министр мамлекет башчысынын алдыдагы Россия Федерациясына бара турган жумушчу иш сапары жана Венгрияга барчу расмий визитине даярдыктар жөнүндө маалымат берди.
Сооронбай Жээнбеков жумуш иш сапары менен Россияга дүйшөмбү күнү, 28-сентябрда барат. Иш сапардын алкагында Россия Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Россияга болгон иш сапарын жыйынтыктагандан кийин Жээнбеков 28-29-сентябрь күндөрү Венгрияга расмий визит менен барат. Жооп катары расмий визит менен баруу тууралуу макулдашууга 2018-жылдын сентябрь айында, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга болгон расмий визитинин жүрүшүндө жетишилген.
Расмий визитинде ал III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин коногу болгон жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын саммитине байкоочу катары катышкан. Визиттин алкагында Президент Жээнбеков Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушат. Анда кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы абалы менен келечеги талкууланат. Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат.
Ошондой эле Венгрия Президенти Янош Адер жана Улуттук Жыйындын спикери Ласло Кёвер менен жолугушуулар күтүлүүдө. Мындан сырткары, министр өлкөнүн чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен консулдук мекемелериндеги шайлоо участокторунда 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого даярдыктардын жүрүшү жөнүндө айтып берди. Анын маалыматы боюнча, чет мамлекеттердеги шайлоо комиссияларынын участокторунун саны быйыл 45ке жетти, 2017-жылы 37 болчу.
Эскерте кетсек мамлекет башчысы чет мамлекеттердеги шайлоо участокторунда даярдыктарды күчөтүүнүн жана мекендештердин добуш берүү процессиндеги коопсуздугун максималдуу камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык санитардык шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген.