Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары, аппарат жетекчиси жана тийиштүү кызматкерлерден түзүлгөн комиссия, район шаарларда санитардык эрежелердин так аткарылышы боюнча ишканаларга рейд жүргүздү.
Облус боюнча 63 мамлекеттик ишканалардын санитардык абалы текшерүүгө алынды. Натыйжада, үй шартында той өткөргөн 9 жаранга 3000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Сутка ичинде 133 ар түрдүү багыттагы ишканалар текшерилип, 25 ишкана, 93 миң сом айыпка жыгылды.
Аталган облуста эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Илдет жуктуруп алгандардын жалпы саны 2831ге жетти.