Бүгүн, 25-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 179 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 328 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 241 куб метрге жетүүдө. Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.