Нарында 4-октябрь шайлоо күнүндө дубан боюнча 431 милиция кызматкери ишке тартылып, тартипти көзөмөлгө алат. Анда облус боюнча уюшулган 171 шайлоо учаскасынын ар бирине экиден кызматкер коюлуп, шайлоо өнөктүгү тынч жана таза өтүшүн камсыздашат. Бул үчүн атайын облустук ички иштер башкармалыгы тартип сакчыларын жалпы саптык кароого чогултуп, тапшырма койду.
Ал күнү жарандардын кайрылуулары жана социалдык тармактарга шайлоо боюнча чыккан маалыматтар дароо каралат. Милицияга элдик кошуундар менен ардагерлер кошулуп, жардам беришет. Эскерте кетсек, буга чейин шайлоого аттанып жаткан партиялардын айрымдары үгүт маалында мыйзамды бузган тогуз факт катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
“Бул саптык кароо атайын 4-октябрга карата чогулттук. Мында кызматкерлердин кийиминен баштап, тазалыгына чейин текшеребиз. Жана ошондой эле шайлоо учурунда мыйзам бузууларды болтурбоо үчун нускамаларды өткөздүк”,- деди Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Аалиев.