Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэл Ру менен анын дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу видеоконференция форматында жолугушуу өткөрдү.
Тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар акыркы жылдардагы кыргыз-француз кызматташуусунун өнүгүшүнүн оң жактарына токтолушту. Эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча, анын ичинде 2019-жылы Францияга министр Айдарбековдун жумуш сапары жана Франциянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Лемуандын Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыктары боюнча жасалган жемиштүү иштер белгиленди.
Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында маданий-гуманитардык кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн ийгиликтүү өнүгүшүн канааттануу менен белгилешти. Эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибинин алдыда боло турган иш-чараларынын графиги талкууланды. Кыргыз-француз кызматташуусун өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө кошкон жеке салымы үчүн Франциянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Тышкы иштер министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланган.