Жаңылыктар
Ош шаарында 100 орундуу жаңы бала бакча ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында 100 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата Ош шаарында 100 орундуу жаңы бала бакча ачылды. 

Мектепке чейинки балдарга билим берүү мекемесин пайдаланууга берүү иш-чарасы тар чөйрөдө белгиленди. Бакчага кабыл алынган балдар электрондук кезектин негизинде катталган. Эки кабаттан турган имараттын курулушу жергиликтүү бюджеттен 23 млн. 600 миң сомго каржыланган. Аталган айылда эки миң кожолук жашайт. Бакча курагында эки миңдей бала бар. 

Жакынкы күндөрү дагы бир 120 орундуу балдар бакчасын пайдаланууга берүү пландалган. Ал арада, жергиликтүү бюджеттин эсебинен калаада дагы 2 бакчанын курулушу жүрүүдө. Учурда, Ош шаарында мектеп жашына чейинки балдардын бакча менен камсыздалышы 45 пайызды түзөт. Калаада, 43 муниципалдык, 25 жеке бала бакча иштейт. Жалпы 16 миңден ашуун тарбиялануучу бар.