Жаңылыктар
ӨКМ: Куткаруучулардын өткөн сутка ичинде аткарган иштери
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Куткаруучулардын өткөн сутка ичинде аткарган иштери

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда 24-сентябрь күнү саат 11:26да ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Скрябин көчөсүндө жайгашкан №19 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ош шаарында 24-сентябрь күнү саат 21:30 Курманжан Датка жана Моминова көчөлөрүнүн кесилишинен өткөн каналдан суу ашып, көчөнү каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жана шаардык суу канал ишканасынан 1 экскаватор тартылып, суу толук токтотулган.

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 15-август күнү “Теплые ключи” эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 1994-жылы туулган кыз түшүп кеткен. 24-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында  КР ӨКМнин №1 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылды.

25-сентябрь күнү издөө иштери улантылат. Токмок шаарында 24-сентябрь күнү саат 21:35те КР ӨКМнин №21 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Шамшы көчөсүндө жайгашкан №61 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Нарын облусунун Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы туулган бала чөгүп кеткен. 24-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМден  куткаруучу  тартылды. 25-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Ош облусунун Ноокат районунда 14-сентябрь күнү Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) жол кырсыктын кесепетинен “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кетип, унаадагы 2016-жылы туулган жаш бала сууга чөгүп кеткен.

24-сентябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын, КР ӨКМнин №71 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылды. 25-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Жалал-Абад облусунда 24-сентябрь күнү Ноокен районунун Сакалды айыл аймагынын Сакалды айылында жайгашкан пахта заводунун аймагында 1976-жылы туулган эркек киши электр мамычасына чыгып өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жаран өз алдынча аман-эсен түшүрүлгөн. КР ӨКМден 5 куткаруучу тартылган.