Бишкек шаарынан 1995-жылы туулган Талас облусунун жашоочусу А.Д. кармалды, ал мурда соттолгон. КМКнын маалыматы боюнча ал уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турат. Учурда кармалган жаран ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББнин УКЖ киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, ушул жылдын февраль айында прокуратура мындан ары иликтөөнү ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берип, аталган кылмыш иши ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 202-бернесинин 1,2,3, бөлүмдөрү менен (курал-жарак колдонулуп, бир нече кишинин катышуусундагы каракчылык) иликтене баштаган.
Кыргыз Республикасынын ИИМ КМКнын Үчүнчү Башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан, Кыргыз Республикасынын ИИМнин Тергөө кызматынын тапшырмасынын негизинде шектүүнүн кайда жүргөндүгүн аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмышка шектүү жаран кармалды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.