Нобель сыйлыгына бериле турган баа мындан ары 10 млн швед кронуна жогорулатылды. Бул акчаны АКШ долларына которгондо бир млн долларды түзөт. Бул тууралуу Нобель Фондунун маалыматында айтылат.
Аталган фондун башчысы Ларс Хайкенстен келечекке үмүт тартуулаган лауреаттардын эмгектерин колдоого быйыл өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи. Ал арада Нобель сыйлыгынын лауреаттарын тандоо 5-октябрга белгиленген. Анда комиссиянын сынына адабият, математика, физика, химия, медицина жаатында ачылыштарды жасаган окумуштуулар менен жазуучулардын эмгектери коюлат.
Ал эми лауреаттарга сыйлык тапшыруу аземинин расмий бөлүгү - фонддун негиздөөчүсү Альфред Нобелдин каза болгон күнүнө карата 10-декабрда өтөт. Бул жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу сыйлыктарды тапшыруу онлайн форматта болот.