Жаңылыктар
Улуу Британияда коронавируска каршы вакцина сыналууда
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Британияда коронавируска каршы вакцина сыналууда

Улуу Британияда коронавируска каршы вакцинаны сыноо максатында болжол менен 2 миң ыктыярчыга коронавирус жуктурулушу мүмкүн. Бул тууралуу "Financial Times" басылмасы жазды. 

Сыноо 2021-жылдын январь айында атайын ылайыкташтырылган Уайтчепел клиникасында жүргүзүлүп баштайт. Адегенде каалоочуларды эмдеп, бир ай өткөндөн кийин Sars-CoV-2 вирусун жуктурушат. Бул вакцинанын эффективдүүлүгүн текшерүү үчүн зарыл. 

Эксперименттин илимий жагын Лондондун империялык колледжи жана британиялык «НVIVO» изилдөө тобу жетектейт.