Ушул тапта Канадада коронавирустун экинчи толкуну жүрүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Жастин Трюдо элге атайын кайрылуу менен чыккан учурунда билдирди.
Анын баамында, экинчи толкун, өлкөнүн калкы жаз айында туш болгон биринчи толкундан дагы катаал болушу мүмкүн. Трюдо Канададагы ар бир адам кырдаалды дагы деле жакшы тарапка өзгөртө алаарын белгиледи. Канада калкынан бет кап тагынып, аралыкты сактоо жана сасык тумоого каршы эмдөө сыяктуу зарыл чараларды сактоосун суранды.
Ошондой эле өкмөт башчысы октябрь айында Канадада белгиленүүчү салттуу түрдө алкыш айтуу күнүн белгилөө күмөн экендигин кошумчалады.