Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев менен онлайн кеңешме өткөрдү. Анда президентке өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу, коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөш, ошондой эле Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу чаралары жөнүндө маалымат берилди.
Орозбек Опумбаев Жогорку Кеңешке болгон шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коопсуздукту камсыз кылуу чаралары, анын алкагында УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын биргелешкен иш-чаралар планы даярдалганын айтып берди.
Улуттук коопсуздук органдары тарабынан шайлоо маалында коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүүгө жол бербеген жана өлкөнүн стратегиялык объектилерин бекем кайтарган иш-чаралар уюштурулганы айтылды.
Мындан сырткары, УКМК төрагасы 2020-жылдын 17-сентябрындагы Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткаруу максатында кызматкерлердин кызматтык тартиби кошумча күчөтүлгөнүн, Коопсуздук кеңешинин системдүү коррупцияны жок кылуу пландарын аткаруу жана мониторинг боюнча жумушчу тобу менен тыгыз байланыш улантылып жатканын, мамлекеттик органдарда антикоррупциялык процесстерди болтурбаш үчүн сунуштар иштелип чыгып жатканын билдирди.
Ошону менен бирге, Орозбек Опумбаев белгилегендей, санарип трансформация чөйрөсүндөгү долбоорлорго көмөк көрсөтүлүүдө. Бул иш-чаралардын алкагында УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борбору түзүлгөн. Мамлекеттик башкарууда колдонулуп жаткан бардык автоматташтырылган система боюнча иштер жүрүп жатат.
Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо процессин уюштурууда коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун, өлкө аймагына экстремисттик жана террористтик уюмдардын мүчөлөрүн киргизбөө максатында чек ара тилкелерине көзөмөлдү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Мамлекет башчысы кылмыш иштерин иликтөөнүн сапатын жакшыртуу, коррупциялык жана экономикалык кылмыш иштери боюнча келтирилген зыянды кайтаруу жаатындагы иштерди күчтөндүрүү зарылдыгын баса белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле УКМКнын аймактык бөлүмдөрүн коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча иштерин күчөтүүгө чакырды.