Жаңылыктар
Зилалиевдин мыйзамсыз байыганы боюнча соттук отурум болуп өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Зилалиевдин мыйзамсыз байыганы боюнча соттук отурум болуп өттү

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча соттук отурум болуп өттү. 

Сот иштин материалдарын иликтөөнү бүтүп, тараптардын жарыш сөзү башталды. Эскерте кетсек, Башкы прокуратура тарабынан Зилалиевге Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз байыганы" деген берене боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.