Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Сокулук районунун Комсомол айылындагы тигүү фабрикасы жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылууда. 2009-жылы 15 адамдан турган чакан ишкана ачылып, бүгүнкү күндө 4 филиалында 1,5 миңден ашык кыз-келиндер эмгектенет.
Гүлзада Абдирасил кызы көп жылдан бери тигүүчүлүк алектенип киреше табат. Өзү иштеген жерди шарты жакшы болгондуктан башка бир туугандарын да жумушка чакырган.
Фабрикада жумуш эртен мененки саат 8ден кечки 6 жарымга чейин уланат. Күн сайын тигип чыгарган кийимдери жумасына бир жолу кошуна өлкөлөргө экспортко чыгат.