Ош облусунун Өзгөн районундагы Алча-Башат айылында №186 Кысык-Алма орто мектебинин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин статс-катчысы Жапаркул Ташиев мектептин ачылышына катышты. 200 орундуу Кысык-Алма орто мектебинин курулушу 2015-жылы башталып, республикалык бюджеттен 32,7 миллион сом бөлүнгөн. Мектептин ашканасы заманбап талаптарга жооп берет. Компьютердик класс бар. Мектептин спорт залынын курулушу уланууда. Учурда 18 окутуучу 197 окуучуга билим берүүдө.
Мындан тышкары, ушул эле райондун Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө Т.Оморкулов атындагы мектептин 150 орундуу жаңы имаратынын курулушу башталды. Мектеп буга чейин 1990-жылы курулган, бирок 2015-жылы 17-ноябрда болгон жер титирөөдөн улам жарактан чыккан. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 54 миллион сом бөлүнгөн.