Жаңылыктар
Кызыл-Кыя шаарынын жаңы конуштарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо иштери жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кызыл-Кыя шаарынын жаңы конуштарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо иштери жүрүүдө

Кызыл-Кыя шаарынын жаңы конушундагы жашоочуларды таза суу менен камсыздоо максатында 1000 кубдук суу кампасы курулду. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен жана түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2,5 млн сом каржыланган. Жыл аягына чейин Восток 2 жана 1 жаңы конушундагы 700 кожолукка ичүүчү суу жеткирилет. Учурда суу түтүктөрүн тартуу жумуштары жүрүүдө. 

Айта кетсек, Кызыл-Кыя шаары таза сууга муктаж шаарлардын бири болуп саналат. Жашоочуларды ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн Кадамжай районунун Исфайрам дарыясынан жана Ноокат районундагы Кулуштан айылынан суу түтүктөрү тартылган. Бул жетишсиз болгондуктан Европа өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган таза суу долбоорунун биринчи фазасы ушул жылы аягына чыгат. Натыйжада шаарга ичүүчү суу берүүнүн мөөнөтү көбөйөт.

Быйылкы жылы ушуну туташтыруу иштери башталып атат. Ал жерде дагы 600-700 семья бар. Ошого 2 километрден ашык суу түтүктөрүн тартабыз. Колодецтерди орнотобуз. Анан ушул суу кампасына уланып, быйыл пайдаланууга берилет”,- деди Кызыл-Кыя суу канал мекемесинин башчысы Абдилазис Сатыбалдиев. 

Жаңы конуштарга таза суу жеткириш керек быйыл. Ошолорду камтыган программаларды 2021-жылга бекитип, 2021-жылы таза суу программасынын 2-фазасын улантып, 2021-жылдын жыйынтыгы менен Кызыл-Кыяда дагы таза суу программасы жакшы колго алынып калат деген үмүт менен аракет кылып атабыз”,- деди Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Топчубаев.