Жаңылыктар
Экономика министрлиги: пандемия шартында Кыргызстанда экономикалык көрсөткүч солгундады
Кыргызстан жаңылыктары
Экономика министрлиги: пандемия шартында Кыргызстанда экономикалык көрсөткүч солгундады

Пандемия шартында дүйнөдөгү өлкөлөрдүн катарында Кыргызстанда дагы экономикалык көрсөткүч солгундады. Бул тууралуу маалымат жыйында Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди. 

Экономика министрлиги дайыма экономикалык абалга байкоо салып, абалды талдап турат. Адистер быйылкы жылдын жыйынтыгы менен экономикадагы төмөндөө 5,6 пайызды түзөрүн белгиледи. Быйыл Кыргызстанда экономиканын эки тармагы өссө, эки тармагында төмөндөө байкалган. Алсак, айыл чарба тармагында көрсөткүч - 1,8 пайызга, өндүрүштө - 0,2 пайыз жогорулаган. 

Ал эми курулуш жаатында өсүш – 7,8 пайыз жана тейлөө тармагында 9,8 пайыз төмөндөгөн. Экономиканын солгундашына өнөктөш өлкөлөргө болгон байланыштардын жайлашы, кыймылга болгон чектөөлөр, кыргыз товарларына суроо-талап азайышы өңдүү көрүнүштөр терс таасирин тийгизүүдө.

"ЕАЭБ өлкөлөрүн ала турган болсок, экономиканын өсүү темпи 2019-жылга караганда Россияда 4,3%, Казакстанда 3%, Беларусияда 1,3%га түшүп кетти. Кыргызстанда 8 айдын жыйынтыгында социалдык-экономиканын өсүү темпи 5,9 пайызды түздү. Курулуш тармагында 7,8%га, кызмат көрсөтүү тармагында 9,8%га төмөндөө болду. Өсүү темпи боюнча айыл чарба тармагы 1,8%га, өнөр жай тармагында 0,2%га өсүү болду",- деди Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев.