Таласта алгачкы жолу түптөлүп жаткан медициналык-диагностикалык борбордун курулушуна капсула салынды. Долбоор орус-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда. Курулуштун жалпы наркы 27 миллион сомго бааланып, жеңилдетилген насыя 7 жылдык мөөнөт менен берилүүдө.
Белгилей кетсек, орус-кыргыз өнүктүрүү фонду биринчи жолу түз каржылоо менен Талас жергесине насыя берүүдө. Буга чейин фонд коммерциялык банктар аркылуу гана каржылык колдоо көрсөтүп келген. Анын алкагында 400гө жакын долбоор ийгиликтүү иштеп келет.
Ал эми жаңы курулуп баштаган медициналык-диагностикалык борбор, дарт аныктоо, бейтаптарды дарылоо боюнча облустагы биринчи заманбап шарттагы курулуш болуп калат. Мындан тышкары, аталган фонд дубандагы иштерин илгерилетүү үчүн Талас облусунун жетекчилиги менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.