Жаңылыктар
Ыкчам штаб массалык иш-чараларды жана тойлорду өткөргөндөргө көзөмөлдү күчөтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ыкчам штаб массалык иш-чараларды жана тойлорду өткөргөндөргө көзөмөлдү күчөтөт

Республикалык ыкчам штаб тарабынан жергиликтүү бийлик органдарына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга эл көп чогулган массалык иш-чараларды жана тойлорду өткөрүүгө тыюу салуу талабынын сакталышы боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды. 

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү өлкөнүн айрым райондорунда коронавирус инфекциясынын тастыкталган учурлары жана өпкөсү сезгендер көп катталып жатканын билдиришти. Бул кыргызстандыктардын бет кап тагынбай калышына жана эл көп чогулган иш-чараларды өткөрбөө талабынын сакталбашына байланыштуу. Тагыраак айтканда, жүргүзүлүп жаткан эпидемиологиялык иш-чаралар жана түшүндүрүү иштери жарандар тарабынан көз жаздымда калууда. 

Жыйындын катышуучулары кафе жана ресторандарда ар кандай салтанаттар өткөрүлүшү боюнча учурлар байма-бай катталып жатканын белгилешип, массалык иш-чараларды өткөрүү жана айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү үчүн административдик чараларды күчөтүү мүмкүнчүлүгүн белгилешти. Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков пандемияны эске алуу менен Өкмөт ишкерликти колдоо үчүн антикризистик чараларды, салыктык жеңилдиктерди кабыл алганын айтты. 

Бирок ишкерлер коронавариска каршы күрөшүүгө жардам берүүнүн ордуна, ар кандай амалдарды жасап, адамдарды кафе-ресторандарынын артындагы эшиктеринен киргизип, тойлорду жашыруун өткөрүп жаткандыктарын белгиледи. Баатырбековдин айтымында, тойлорду жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча абал өзгөрбөсө, Өкмөт мыйзамга ылайык башка чараларды кабыл алат. Жыйындын соңунда мамлекеттик органдарга көзөмөлгө алган тармактары боюнча бир катар тапшырмалар берилди.