"Мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер жасалып жатат. Алардын бири жасалма интеллект долбоору", - дейт Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев.
Анын айтымында, долбоор 4 этаптан турат. Биринчиси - текстти үнгө айландыруу, экинчиси - үндү текстке айландыруу, үчүнчүсү тилди өздөштүрүү жана төртүнчүсү тилди түшүнүп, талдап жаратуу. Этаптар аягына чыкса, жасалма интеллект кыргызча түшүнүп, оюн билдире баштайт.
Учурда текстти үнгө айландыруу тесттик режимде ишке киргизилип, ал Мамлекеттик тил комиссиясынын сайтына жайгаштырылган. Бул туурасында "УлутСофт" компаниясынын жетекчиси Мирбек Окенов билдирди.