Бишкек шаарындагы 23-сентябрь күнү саат 09:05те А.Масалиев жана Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаанын “Тойота Камри”, “Тойота Камри” жана “Фольксваген Пассат” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жабыркаган.
Жерине ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, жабыркаган жарандарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Свердлов районунда 23-сентября саат 13:40та Карагачевая көчөсүнүн №3 дарегинде жайгашкан турак үйдөн жылан чыккан. ӨКМдин куткаруу кызматынын куткаруучулары жыланды кармап зыянсыздандырышкан.
Биринчи Май районунда 23-сентябрь күнү Логвиненко жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде кудуктун ичине 1985-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен. ӨКМдин куткаруу кызматынын куткаруучулары аталган жаранды кудуктан алып чыгышкан, абалы жакшы.
Чүй облусунун Аламүдүн районунда 15-август күнү “Теплые ключи” эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 1994-жылы туулган кыз түшүп кеткен. 23-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМнен жалпы 13 куткаруучу тартылды. Бүгүн да издөө иштери улантылат.