Жаңылыктар
Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иш боюнча комиссиянын отуруму өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иш боюнча комиссиянын отуруму өттү

Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиянын отуруму өткөрүлдү.

Квалификациялык комиссия тарабынан, адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзаменге катышууга уруксаат алуу үчүн 176-талапкердин арыздары каралып чыкты. Квалификациялык комиссиянын чечими менен каралган жактардын ичинен 137 талапкерге уруксат берилди.

Кезектеги квалификациялык экзамен, өлкөдө туруктуу жагымдуу эпидемиологиялык кырдаалга жараша 2020-жылдын 16-октябрында өткөрүлөт.