Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын Жалпы дебаттар алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун сүйлөгөн сөзү трансляцияланды. Мамлекет башчысы кайрылуусунда демократиялык институттар менен коомчулукту бекемдөөгө багытталган реформаларды жылдырууга, экономиканы, социалдык секторду өнүктүрүү боюнча өлкөдө көрүлүп жаткан чараларга токтолду.
Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын пандемиясы маалындагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле президент эл аралык туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөө, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү сыяктуу глобалдык маселелер тууралуу айтты. Ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-мааракелик сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгы алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында Биотүрдүүлүк боюнча саммитте видеокайрылуу жасайт.
Эскерте кетсек, дүйнө жүзүндөгү коронавирус пандемиясына жана Нью-Йорктогу учурдагы карантиндик чектөөлөргө байланыштуу, быйыл Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагындагы бардык иш-чаралар онлайн режимде өтүп жатат.