21-сентябрдан баштап ички жана сырткы аба каттамдары жандана баштады. Азыркы тапта Россияга жумасына эки жолу аба каттамы жургүнчүлөрдү ташыйт. Буга чейин пандемияга байланыштуу жети айдан бери тышка чыга албай жаткан жарандар көп болгондуктан билет саткан жерлерде тышка чыгууну каалаган жарандар көп болууда.
Тышка чыгууну күткөн жарандардын көпчүлүгү Россиянын аймагына кете албай жаткан студенттер жана ал жакта туруктуу жашаган кыргыз жарандары. Жаңы окуу жылы башталары менен окуусу үзгүлтүккө учурабасын деп сарсанаа болгон студенттер көп.
Авиакассаларда азырынча билеттер Бишкек-Москва багыты боюнча сатылууда. Жумасына эки жолу аткарылчу каттамдарга кезек күткөндөр арбын. Тышка чыгууну каалаган жүргунчүлөрдөн ковид боюнча тесттин жыйынтыгы талап кылынат. Орундар чектелүү болгондуктан жарандарга түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Учурда жарандык авиация Россиянын башка шаарларына жакынкы күндөрү ишке аша турган каттамдардын тизмесин тактап жатат. Анда Новосибирск, Иркутск, Екатеринбург, Сургут жана башка ири шаарлардын тизмеги бар.