Жаңылыктар
Салык кызматы: ишеничтен кеткен кызматкер иштен бошотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы: ишеничтен кеткен кызматкер иштен бошотулду

Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Кызматкерди кызматтан бошотууга 2018-жылы жарандарга мыйзамсыз негизде патент берүү фактысы боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан кармалышы негиз болду.